Украинадан 49 жүк ташуучу унаа чыгарылды

Украинадан 49 жүк ташуучу унаа чыгарылды

Казакстандык менчик ээлерине таандык 57 жүк ташуучу унаанын 49у Украинадан чыгарылды. Ошентип республикада ата мекендик 8 жүк ташуучу унаа калды. Бул тууралуу Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мындан тышкары, Украинанын жарандарына тиешелүү 1457 жүк ташуучу вагон турат. Аларды башка багыттарга жиберүү боюнча иштер жүрүп жатат. Эл аралык жүк ташууда пайда болгон маселелерге ыкчам чара көрүү максатында тийиштүү министрликте, «Казакстан Темир Жолу» Улуттук компаниясында өлкөнүн деңиз портторуна жакын жерде «Ишеним телефондору» ачылды. Учурда кызыктар тараптар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков