Жүз жыл мурунку араба табылды

Жүз жыл мурунку араба табылды

Жүз жыл мурунку араба. Түркестан аймагындагы Арыс дарыясынан бир кылым мурун жасалган араба табылды. Эки дөңгөлөгү гана сакталган араба көп жылдар бою суунун астында жаткан. Ажымукан атындагы облустук музейдин адистери аны баалуу экспонат катарына кошушкан. Адистер металл тетиктерине жана кураштыруу технологиясына жараша 1920-1940-жылдары колдонулган деп эсептешет. Учурда экспонатты калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Изилдөө иштери башталды.

Ерик Аширбердиев, облустук Кажымукан спорт музейинин сектор жетекчиси:

- Алдыдагы убакытта Отырар музейине кат жолдоп, квалификациялуу адистер, реставраторлор менен кеңешебиз. Биз кайра оңдоонун үстүндө иштөөгө ниеттенип жатабыз.

Белгилей кетсек, буга чейин жакын жерден кумура жана турмуштук идиш-аяктар табылган. Бардык археологиялык экспонаттар жергиликтүү Ишан Базар мечит-музейинде сакталып турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков