«Мукагали» тасмасы Индияда көрсөтүлөт

«Мукагали» тасмасы Индияда көрсөтүлөт

Казакстандык режиссёр Болат Калымбетовдун «Мукагали» көркөм тасмасы Индияда өтүп жаткан 26-эл аралык кинофестивалдын «Дүйнөлүк кино» бөлүмүндө көрсөтүлөт. Салттуу иш-чара Индиянын Керала штатында жалган куран айынын 18-25 күндөрү аралыгында өтөт. Бул тууралуу «Казакфильмдин» басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, «Мукагали» чыгармасында аты алыска тараган легендарлуу казак акынынын өмүрүнүн акыркы жылдары баяндалат. Тасманын дүйнөлүк бет ачары 25-Таллин кинофестивалында өттү. Атүгүл аталган тасма кинофестивалда калыстар тобунун атайын сыйлыгына ээ болгон. Биографиялык драма 2021-жылдын тогуздун айында казак көрүүчүлөрүнүн көңүлүн өзүнө бурган. Белгилей кетсек, индиялык кинофестивалдын программасына Берлин жана Канн форумдарынын сыйлыктарына ээ болгон тасмалар, ошондой эле, башка абройлуу эл аралык киносыйлыктардын лауреаттары кирди. Иш-чарада дүйнөнүн 180 тасмасы көрсөтүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков