Казакстан менен Евробиримдик аймактагы транзиттик сооданы жеңилдетүү жолдорун талкуулады

Казакстан менен Евробиримдик аймактагы транзиттик сооданы жеңилдетүү жолдорун талкуулады

Казакстан Евробиримдиктин Борбор Азиядагы эң ири соода өнөктөшү. 2021-жылы тараптардын өз ара соода көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу үчтөн бирге өстү. Европа Биримдиги өз кезегинде өлкөнүн эң ири инвестициялык жана соода өнөктөшү бойдон кала берет. Бул тууралуу Еврокомиссиянын соода боюнча башкы дирекциясынын Жакынкы Чыгыш, Түркия, Орусия жана Борбор Азия департаментинин башчысынын орун басары Тимо Хаммарен Брюсселде өткөн Казакстан-Европа Биримдиги кызматташтык комитетинин бешинчи жыйынынын жыйынтыгында билдирди. Хаммарендин айтымында, тараптар кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык келишиминин соода бөлүмүн ишке ашыруу жолдорун талкуулашты. Делегациялар Казакстандын ЕБге экспортунун тизмесин кеңейтүү, ошондой эле, аймактагы учурдагы саясий кырдаалда транзиттик сооданы жеңилдетүү боюнча пикир алмашышты.

Тимо Хаммарен, Евроакомиссиянын Соода боюнча башкы дирекциясынын Жакынкы Чыгыш, Түркия, Орусия жана Борбордук Азия департаменти башчысынын орун басары:

- Биз соодадагы техникалык тоскоолдуктарды, фитосанитардык стандарттарды, сооданы жеңилдетүү, бизнес жана өнүмдү маркировкалоого тоскоолдуктарды алып салуу жана башка көптөгөн техникалык маселелерди талкууладык. Биз ошондой эле аймактык байланыш, аймактык соода жана аны жеңилдетүү маселелерин ортого салдык. Аймакта транзиттик соода абдан көп, албетте бизди азыркы саясий кырдаал тынчсыздандырат, анткени бул транспорт маселесине таасирин тийгизет. Андыктан мындай көйгөйлөрдү болтурбоо жолдорун талкууладык. Көп тараптуу форматта биз Дүйнөлүк соода уюмунда кызматташтыгыбызга токтолдук. Бул жерде быйыл Казакстан маанилүү роль ойнойт. Муну менен катар, алдыда боло турган ДСУнун министрлер конференциясын өткөрөт. Биз бул жаатта кантип кызматташууга боло тургандыгын талкууладык.

Которгон: Илгиз Жамалбеков