Казакстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода алмашуусу 28%га өстү

Казакстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода алмашуусу 28%га өстү

2021-жылы Казакстандын соода жүгүртүүсү болжол менен 17,5% өсүп, 101 миллиард 500 миллион долларга жетти. Ошол эле учурда, өлкөнүн жалпы соода көлөмүнүн төрттөн биринен ашыгы, 26 миллиард доллары ЕАЭБ өлкөлөрүнө таандык. Бул тууралуу Finprom.Kz порталы билдирди. Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр менен болгон соодада республиканын экспортунун үлүшү 30%дан бир аз азыраак. Анын 90%дан ашыгы же 7 миллиард долларга жакыны Орусияга таандык. Экспорт боюнча Казакстан коңшу өлкөлөргө негизинен темир жана болот, темир рудасы, органикалык эмес химиялык заттар, баалуу металлдардын кошулмалары, сейрек кездешүүчү металлдар жана кара металл сыныктарынан жасалган өнүмдөрдү жеткирет. Казакстандан ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү төмөнкүдөй: 625 миллион доллар Кыргызстанга, 97 миллион доллар Беларуска жана 9 жарым миллионго жакыны Арменияга тиешелүү. Белгилей кетсек, ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген импорттун көлөмү да 25%дан бир аз ашат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков