Сурдлимпиада оюндарына тандоо башталды

Сурдлимпиада оюндарына тандоо башталды

Казакстанда сурдлимпиада оюндарына тандоо башталды. Азыркы учурда бул багытта өлкөнүн бардык аймактарында түрдүү мелдештер уюштурулуп, улуттук курамалар даярданып жатат. Маселен, борбор калаада жеңил атлетиканын чеберлери чогулду. Казакстандын чемпионатына бардык аймактардан 120га жакын катышуучу келип, 14 багыт боюнча өз ара мыктыларын аныкташты. Анын ичинде аралыкка чуркоо, узундукка секирүү, ядрону ыргытуу, бийиктикке секирүү жана спорттук жүрүш бар. Олимпиада оюндарына улуттук курама жалпысынан спорттун 12 түрү боюнча катышат. Белгилей кетсек, угуу мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар арасындагы дүйнөлүк мелдеш быйыл бугу айында Бразилияда өтөт.

Айгерим Калиева, Казакстан курама командасынын башчысы:

- Сурдлимпиадалык спортубузду айтпасак да белгилүү. Анткени паралимпиадалык спортко караганда бизде жыйынтыктар жакшы деп ойлойм. Анткени алдыңкы Олимпиада оюндарында 3-4 алтын медаль алганбыз. Бул мелдеште да алтын алабыз деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков