Нур-Султанда аялдардын мамлекеттик кызматтагы активдүүлүгүн арттыруу маселеси талкууланды

Нур-Султанда аялдардын мамлекеттик кызматтагы активдүүлүгүн арттыруу маселеси талкууланды

Казакстандын эмгек рыногунда аялдар менен эркектер үчүн мүмкүнчүлүктөр бирдейби? Өлкөдө аялдардын дарамети бирдей пайдаланылып жатабы? Бул маселелер борбор калаада өткөн «Bolashaq Women's Empowerment Forum» аттуу аялдар форумунда кызуу талкууланды. Иш-чаранын уюштуруучусу Айнур Карбозованын айтымында, бүгүнкү күндө эмгек рыногунда сабаттуу, билимдүү аялдардын саны артып келет. Алардын дараметин мамлекеттик кызматта жигердүү колдонуунун мааниси зор, дейт ал.

Айнур Карбозова, М.С. Нарикбаев атындагы КАЗГЮУ университетинин башкарма төрагасынын орун басары:

- Форумдун негизги максаты – Мамлекет башчысы жакында белгилеп айткандай, бул мамлекеттик жана квазимамлекеттик органдарда, чечим кабыл алуу деңгээлинде аялдардын катышуусун кеминде 30 пайызга жеткирүү. Муну максат кылуу башка, бирок ал максатка жетүү үчүн кандай механизмдер бар?! Мындай максатка жеткен өлкөлөрдүн тажрыйбасы кандай? Маалым болгондой, жалган куран айынын 16да программалык кайрылуу болот. Ошол кайрылуудан кийин албетте экономикабызды өнүктүрүүнүн так планы кабыл алынат. Бул мерчемди сапаттуу жана кыска мөөнөттө ишке ашырууда казакстандык айымдардын дарамети эске алынууга тийиш.

Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекет башчысы гендердик теңчиликти бекемдөө боюнча өкмөттүн алдына тапшырма койгон. Анда Президент аялдардын эмгегин коргоо, алардын мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдерине жана корпоративдик чөйрөгө катышуусун камсыздоо боюнча чараларды этап-этабы менен иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков