Нур-Султанда Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кеңейтилген отуруму өттү

Нур-Султанда Евразиялык өкмөт аралык кеңештин кеңейтилген отуруму өттү

Борбор калаада өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген жыйынынын катышуучулары биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташуу жана өз ара сооданы кеңейтүү боюнча 15 маселени көтөрүштү. Катышуучулар бирдиктүү мейкиндиктин алкагындагы тоскоолдуктарды кантип алып салуу жана экономиканын айрым тармактарынын интеграциялык дараметине салым кошуу боюнча сүйлөшүштү. Маанилүү маселелердин бири товарларды көзөмөлдөө механизми боюнча келишимдин аткарылышы болду. Ошондой эле, өнөктөш өлкөлөрдүн мамлекеттик сатып алууларга мүмкүнчүлүктөрү каралды. Чогулгандар бир добуштан бажы көзөмөлүнөн тарта санитардык, ветеринардык жана башка негизсиз чектөөлөргө чейин жеңил болушу керектигин айтышты. Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун айтымында, транспорт инфраструктурасына, анын ичинде деңиз портторуна бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу зарыл.

Алихан Смаилов, Казакстандын Премьер-Министри:

- Өз ара сооданы көбөйтүүнүн милдеттүү талаптарынын бири - ички рынокто тоскоолдуксуз чөйрөнү түзүү болуп саналат. Жылдан жылга өнөктөштөрдүн рынокко кирүүсүн чектөөгө байланышкан маселелердин көбү чечилбей келе жатканын айтууга тийишмин. Евразиялык экономикалык биримдикте ачык рынок түзүүгө кызыктар болсок, анда биздин негизги өнүгүүбүздү чечишибиз керек. Комиссияга тоскоолдуктарга экономикалык баа берүүнүн методологиясын иштеп чыгууну сунуштайбыз. Экспортту көбөйтүү жана стимулдаштыруу боюнча чараларды көрүү артыкчылыктуу болуп саналат.

Белгилей кетсек, Биримдик өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары Евразиялык Агро Экспресс долбоорун кабыл алышты. Ал тездетилген темир жол жана мультимодалдык транспортту ишке киргизүүгө багытталган. Негизги милдет — айыл чарба өнүмдөрү менен азык-түлүктүн өз ара жеткирүүлөрү жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү. Биринчи этапта биримдиктин чегинен тышкары Кытай менен Өзбекстанга эки багытта үзгүлтүксүз жүк ташуулар уюштурулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков