Өкмөт Улуттук банк менен биргелешип каатчылыкка каршы иш-аракет планын иштеп чыкты

Өкмөт Улуттук банк менен биргелешип каатчылыкка каршы иш-аракет планын иштеп чыкты

Өкмөт Улуттук банк менен биргеликте антикаатчылык планын иштеп чыкты. Ал Украинадагы окуялардын Казакстан үчүн болушу мүмкүн болгон терс социалдык-экономикалык кесепеттерге каршы тез арада чара көрүүгө багытталат. Бул тууралуу премьер-министрдин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаралар планында инфляцияны көзөмөлдөө жана валюта рыногунда туруктуулукту сактоо, иш менен камсыз кылуу жана бизнести өнүктүрүүгө багытталган чаралар камтылган. Ошондой эле, айылдарга, моно жана чакан шаарларга, борборго жана анын чет жакаларына өзгөчө көңүл бурулат. Аларды өнүктүрүүгө 200 миллиард теңгеге чейин каражат бөлүнөт. Мамлекеттик колдоо өнөр жайын жана айыл чарбасын камтыйт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков