Казакстанда «этносаясат» адистерин даярдаган жаңы программа ачылды

Казакстанда «этносаясат» адистерин даярдаган жаңы программа ачылды

Борбор Азияда теңдеши жок «этно саясат таануу» магистрлери борбордо даярдалат. Эки жылдык билим берүү программасы кесиптик стандарттарга ылайык иштелип чыккан. Этносаясат тармагындагы адистерди даярдоо - мамлекеттик деңгээлдеги муктаждык. Бул тууралуу Евразия улуттук университетинин Казакстан эли ассамблеясы кафедрасынын жетекчиси Наталья Калашникова каналга берген эксклюзивдүү маегинде билдирди. Анын айтымында, этносаясат таануу боюнча билим алып жаткан магистрлер келечекте көптөгөн саясий маселелер боюнча серепчи боло алышат. Анткени бул кесип ар тараптуу. Белгилей кетсек, жаңы билим берүү программасы журналистика, саясат таануу жана эл аралык мамилелер факультеттеринин илимий-билим берүү базасында ишке ашырылган. Учурда этносаясат боюнча 10 магистр билим алууда.

Наталья Калашникова, Евразия улуттук университетинин Казакстан эли Ассамблеясы кафедрасынын жетекчиси:

- Атайын адистештирилген факультетти ачкан кезде бизде чоң талкуу болду. Бул маселеде бизге этномаданий бирикме колдоосун көрсөттү. Райондук этномаданий бирикмелер да катышып, өлкөбүздө этносаясаттын зарылдыгын тастыкташты. Биз апробацияланган дублин стандарттары программаларынан өттүк. Ошондуктан, учурда саясий илимдер боюнча билим берүү программаларынын тобунда магистратуранын эки жылдык илимий-педагогикалык программасы ишке ашырылууда. Келечекте билим алып чыккан адистер ар кайсы тармакта иштей ала турган жоопкерчиликтүү серепчи болоруна ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков