Ооганстандын кыз-келиндери Казакстанда билим алышат

Ооганстандын кыз-келиндери Казакстанда билим алышат

Казакстандын жогорку окуу жайларында ооганстандык 50 аял билим алат. Бул тууралуу Евробиримдиктин жана Борбор Азия мамлекеттеринин Ооганстан боюнча атайын өкүлдөрүнүн Ташкенттеги жолугушуусунда айтылды. Анда өлкөдөгү каатчылыкты жөнгө салуу, экономиканы калыбына келтирүү жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Ошондой эле, атайын өкүлдөр Ооган элине гуманитардык жардам жеткирүү үчүн Өзбекстандын Термез шаарында көп функционалдуу транспорттук-логистикалык хаб түзүү демилгесин колдоорун билдиришти.

Талгат Калиев, Казакстандын Президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү:

- Биз Ооганстан коңшу өлкөлөр менен соода-экономикалык байланыш орнотуп, коопсуздукту күчөтүүгө салым кошуусун каалайбыз. Бул аймактагы чоң коркунуч катары каралбашы керек. Буга байланыштуу биз Ооганстандагы гуманитардык катастрофанын алдын алуу боюнча билим берүү программаларын улантууну чечтик. Быйыл бул өлкөдөн 105 аял Борбор Азиянын жогорку окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Алардын 50ү Казакстандан, калгандары Өзбекстан менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тапшырышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков