Казакстан менен Түркия соода-экономикалык өнөктөштүктү арттырууга ниеттенүүдө

Казакстан менен Түркия соода-экономикалык өнөктөштүктү арттырууга ниеттенүүдө

Казакстан менен Түркия саясий, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө ниеттенүүдө. Түркия Казакстандын эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири. Коронавирус пандемиясына карабастан, 2021-жылы эки тараптуу соода 5 миллиард доллардан ашты. Тараптар бул көрсөткүчтү 10 миллиард долларга жеткирүүнү көздөп жатат. Казакстан Түркияга мунай, жез жана башка металлдарды экспорттойт. Өлкөнүн түрк капиталынын катышуусу менен биргелешкен долбоорлору да бар. Белгилей кетсек, келерки аптада Нур-Султан шаарында Казакстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык комиссиянын XII жыйыны өтөт. Серепчилердин айтымында, бул жолугушуу өз ара пайдалуу өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө жаңы дем берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков