Украинадагы казакстандыктар Польша аркылуу Казакстанга жеткирилет

Украинадагы казакстандыктар Польша аркылуу Казакстанга жеткирилет

Казакстан Украинадагы жарандарын репатриациялык рейс менен мекенге жеткирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Атайын каттамды улуттук авиакомпания аткарат. Учууларды бирдин айынын 25-26сы Польшанын Катовице шаарынан ишке ашыруу мерчемделип жатат. Казакстандын жарандарына Украина-Польша чек арасынан аэропортко чейин визасыз «жашыл коридор» камсыз кылынат. Өлкө жарандары мүмкүн болушунча Львовдогу Ардактуу консулдукка барууга аракет кылышы керек. Кошумча маалыматты ишеним телефондору аркылуу алса болот.

Казакстандын ардактуу консулдугу тел. +38 (032) 240-36-70, +38 (067) 989-28-19

«AIR ASTANA» ишеним телефону: +38 (050) 051-11-17, +38 (050) 981-54-49

Которгон: Илгиз Жамалбеков