Утилдик алым өлчөмүнүн төмөндөшү жергиликтүү транспорттордун баасына таасир этпейт

Утилдик алым өлчөмүнүн төмөндөшү жергиликтүү транспорттордун баасына таасир этпейт

Утилдик алым үчүн төлөмдүн төмөндөшү ата мекендик унаалардын баасына таасирин тийгизбейт. Атайын брифингде тармактын адистери автоунаа баасына утилдештирүү акысы буга чейин да, азыр да кирбей турганын айтышты. Казакстандын жарандары арасында белгилүү болгон темир тулпарлардын дээрлик бардык үлгүлөрү жергиликтүү заводдор тарабынан чыгарылат. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү вице-министри Марат Карабаев былтыркы статистикалык маалыматтарга токтолду. Анын айтымында, 2021-жылы өлкө аймагында сатылган унаалардын 65% Казакстанда чогултулган. Калган 35% тиешелүү чыгымдарды төлөөгө мажбур болгон импорттун үлүшүндө. Ошондой эле, мекеме өкүлү утилизациялык төлөм эмне үчүн ата мекендик автоунаа өндүрүшүнө кайтарылып жатканына түшүндүрмө берди.

Марат Карабаев, Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү вице-министри:

- Биринчиден, мыйзамда утилизациялык алымга байланыштуу мындай делинген: «анда утилизациялоо үчүн төлөмдөн тышкары ички рынокту коргоону көздөө каралган». Ал эми экинчиден, ал инвестиция тартуунун механизми. Ошол эле учурда, бардык өлкөлөр өз базарларын коргоого ниеттенип жатканын белгилегим келет. Мындай утилдик алымга байланыштуу иштер Орусия Федерациясында, Беларуста жана Өзбекстанда жүргүзүлүүдө. Башкача айтканда, бул айлана-чөйрөнү коргоо чаралары менен катар, ички рынокту колдоо механизмдеринин бири болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков