«Алишер Навои жана казак адабияты» китеби жарык көрдү

«Алишер Навои жана казак адабияты» китеби жарык көрдү

«Алишер Навои жана казак адабияты». Өзбекстанда жазуучу Калдыбек Сейдановдун жаңы чыгармасы окурмандарга сунушталды. Ошондой эле, жазуучунун өзбек тилиндеги «Кандашлар» эмгеги да тааныштырылды. 80 жаштагы жазуучу өрнөктүү өмүр жолунда 23 китеп жана 740тан ашык макала жазган. Анын басымдуу бөлүгү казак тилинде жарык көргөн. Эки өлкөнүн улуу инсандары Абай менен Навоинин ортосундагы байланышты изилдешкен. Муну менен катар, Калдыбек Сейданов Өзбекстандагы казак мектептери үчүн «Казак адабияты» окуу китебин да жазган.

Калдыбек Сейданов, жазуучу:

- Мен көптөгөн чыгармаларды жаздым. Алардын көбү эки элдин достугуна арналган. «Абай жана Орто Азия адабияты» китебинде кеңири чагылдырылган. Быйыл Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгы белгиленет. Учурда «Мухтар жана Орто Азия» адабиятын даярдап жатам. Ошондой эле, тарбиялык көрсөтмөлөр. 80ге чыккандан кийин жаштардын тарбиясына көбүрөөк көңүл бурам. Аны окуган балдар улуу инсан болуп чыгат деп ойлойм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков