Казакстан ТИМ: Казакстан жарандары Украинадан эвакуацияланууда

Казакстан ТИМ: Казакстан жарандары Украинадан эвакуацияланууда

Украинадагы акыркы окуяларга байланыштуу Казакстандын элчилиги жарандарды эвакуациялоону камсыз кылууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Казакстандыктар Киевдеги элчиликке жана Казакстан Республикасынын Харьков, Львов, Одесса жана Днепрдеги ардактуу консулдарынын кеңселерине кайрыла алышат. Кошумчалай кетсек, Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жарандардын байланышуусу үчүн эки өлкөдө тең ишеним телефону аркылуу «ыкчам байланыш» желесин уюштурду.

Казакстанда: +7 (7172) 72-06-06

Украинада: +38 (067) 347 04 08 (WhatsApp, Viber),

+38 (044) 483 15 96,

+38 (044) 489 18 58.

Которгон: Илгиз Жамалбеков