БУУ Коопсуздук Кеңешинин Украина боюнча чукул жыйыны

БУУ Коопсуздук Кеңешинин Украина боюнча чукул жыйыны

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши чукул жыйын өткөрдү. Бул өтүп бара жаткан жумадагы экинчи жыйын. Жаңы жолугушуу Украинанын өтүнүчү боюнча өттү. Башкы катчынын орун басары Розмари Ди Карло уюмдун кызматкерлери украин элине гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн ордунда кала берерин жана бардык тараптар алардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш экендигин айтты. Эске салсак, бүгүн Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөдө аскердик абал жарыялды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков