Улуттук салттарды жаныртуу

Улуттук салттарды жаныртуу

Улуттук каада-салтты даңазалап, нукура өнөрдү алдыңкы планга чыгаруу. Түркестан облусунун кол өнөрчүсү Алмагүл Есенкулова өз ишинин чыныгы чебери. Ал кийизден буюмдарды жасоонун сырлары менен бөлүшүп, искусство ийримин ачуу үчүн мамлекеттик грант алган. Класста айылдын балдары койдун жүнүн ийрип, кийиз басып, булгаарыдан түрдүү буюмдарды даярдап, эко баштыкчаларды жасашат.

Алмагүл Есенкулова, кол өнөр чебери:

- Мен клубду ата-энелердин суранычы менен ачтым. Анткени азыркы заманда балдар телефонго баш-оту менен кирип кетишти. Сиздин кол өнөрчүлүгүңүздү биздин балдар да үйрөнсө экен деп көптөгөн ата-энелердин сунушу болду. Ошол ата-энелердин колдоосу менен бул клубду ачтым.

Актаулык Абугали Мынбаев да мамлекеттен кайтарымсыз грантка ээ болгон. Чебер чакан студияны ижарага алып, жумушуна керектүү материалдарды сатып алган. Көркөм чыгармачылык ийрими жумасына эки жолу өтөт. Эми анын кыялы – жылдын аягына чейин балдар чыгармачылыгы сүрөт көргөзмөсүн өткөрүү.

Акмаржан Тынышбек, 2-класстын окуучусу:

- Мен кичинекей кезимден эле сүрөт тартканды жакшы көрөм. Чоңойгондо стилист болгум келет. Бул клубдун аркасы менен кооз сүрөттөрдү тартканды үйрөнүп жатам. Азыр биз жемиштерден баштап жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков