Казакстанда утилдик төлөм өлчөмү 50 пайызга төмөндөтүлөт

Казакстанда утилдик төлөм өлчөмү 50 пайызга төмөндөтүлөт

Автотранспорт жана айыл чарба техникасына утилдик төлөм 50 пайызга чейин кыскарат. Бул тууралуу премьер-министрдин биринчи орун басары маалымдады. Роман Скляр өлкө утилдик төлөмдөн толук баш тартпай турганын билдирди. Бул унаа жасоо тармагына зыян келтирип, өлкөгө сапатсыз унаалардын келишине алып келиши мүмкүн экендигин кошумчалады. Мындан тышкары, коммуналдык төлөмдөрдөн чогулган 200 миллиард теңгеден ашык каражат элдин пайдасына жумшаларын айтты. Тактап айтканда, анын 100 миллиард теңгеси жеңилдетилген авто насыялоого жумшалат, башкача айтканда, казакстандыктарга 4 пайыздык үстөгү жок автонасыя берилет. Бул жеңилдикти 70 миңден ашык казакстандык пайдалана алат деп күтүлүүдө.

Роман Скляр, Казакстандын Премьер-Министринин орун басары:

- Автобусту ижарага алып, анын пайыздык өлчөмүн төлөө биздин жүргүнчүлөрдү ташыгандар үчүн кыйын. Алар бул каражатты кайтаруу үчүн жол кирени көтөрүүгө мажбур болот. Ошондуктан биз коомдук транспортту ата мекендик ташуучуларга 7 жылга алдын ала төлөмсүз сатуу чечимин кабыл алдык. Ушундай кадамыбыз менен биз казакстандык өндүрүүчүлөрдү колдойбуз. Олуттуу каражаттар өлкөнүн элинин жыргалчылыгы үчүн иштейт.