Казакстанда 2030-жылга карата кайра иштетилген желим калдыктардын үлүшүн 40% жеткирүү көздөлүүдө

Казакстанда 2030-жылга карата кайра иштетилген желим калдыктардын үлүшүн 40% жеткирүү көздөлүүдө

2030-жылга чейин кайра иштетилген желим калдыктардын үлүшүн 40 пайызга чейин көбөйтүү. Бул калдыктарды башкаруу боюнча улуттук ассоциациянын милдети. Азыркы учурда бул көрсөткүч 22 пайызды түзөт. Борбор калаада тармактык адистер конференцияда чогулуп, жогоруда айтылган жыйынтыктарга кантип жетишүүнү талкуулашты, ошондой эле, Казакстанда циркулярдык экономиканын өнүгүшүнө эмне тоскоол болуп жатат деген суроолорго жооп издешти. Мындан сырткары, желим калдыктары секторун өнүктүрүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана өндүрүүчүлөрдүн кеңейтилген милдеттенмелери системасын реформалоо эмнени билдирет деген маселелер дагы кеңири талкууланды. Бүгүнкү күндө өлкөдө полимерлерди чогултуу менен катар, кайра иштетүү менен алектенген ондогон ишканалар бар. Жыл сайын дүйнөдө 2 миллиард тоннага чейин тиричилик таштандылары чогултулат. Бул Казакстан үчүн эле эмес, бүткүл дүйнө үчүн чоң көйгөй. Аны чечүүнүн бирден бир жолу – циркулярдык экономика, дешет адистер.

Шынболат Байкулов, «KazWast» желим калдыктарды башкаруу казакстан ассоциациясынын башкарма төрагасы:

- Пластиктерди кайра иштетүү керектиги тууралуу дүйнө жүзү, бардык экологиялык уюмдар коңгуроо кагышууда. Анткени пластик полиэтилен, полипропиленден жасалат. Анын ичине полимерлердин бир нече түрү кирет. Ар бири үчүн кайра иштетүүнүн өз үлүшү бар. Бирок эң кыйыны – чогултуу. Бештин айынан баштап контейнердик жыйноо киргизилди. Жарандардан суранарыбыз, таштандыларды бөлүп ыргытууну унутпаңыздар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков