Казакстан 2035-жылга карата атом энергетикасынын үлүшүн 12 пайызга жеткирүүгө ниеттенүүдө

Казакстан 2035-жылга карата атом энергетикасынын үлүшүн 12 пайызга жеткирүүгө ниеттенүүдө

Казакстанда 2035-жылга карата өндүрүлгөн электр энергиясынын 12 пайызы атом энергетикасынын үлүшүнө тиешелүү болушу мүмкүн. Бул максатта жалпы кубаттуулугу 2,4 гВт келген атомдук электр станциясын куруу каралып жатат. Базалык генерациянын жаңы булагы керектөөчүлөрдүн энергия тартыштыгын жаап, суроо-талапты толук канааттандырууга мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, ата мекендик энергетика системасын көз карандысыз кылат. Казакстанда атомдук энергетикасын өнүктүрүү үчүн бардык өбөлгөлөр жана дарамет бар, дешет адистер. Өндүрүлгөн табигый урандын көлөмү боюнча Казакстан дүйнөдө лидер. Анын изотопторун байытуу кызматтары жетиштүү. Өткөн жылы эле Ульба металлургиялык комбинатынын базасында Кытай үчүн даяр ядролук отун чыгаруучу завод ачылган. Учурда тармакты жакшыртуу боюнча комплекстүү изилдөө иштери жүрүп жатат.

Жаслан Касенов, Казакстандын Энергетика министрлигинин атом энергетикасы жана өнөр жайы департаментинин мүдүрү:

- Азыркы кезде Казакстандын жаратылыш-климаттык факторлоруна жана атомдук электр станцияларынын айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасирине таянып, атом энергетикасын өнүктүрүү боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүүдө. 6 глобалдык өзөктүк технологияларды жеткирүүнүн сунуштары жигердүү изилденип жатат. Бул америкалык, америкалык-жапондук, кореялык, орусиялык жана франциялык технологиялар. Бул жаатта реакторлордун коопсуздугу, ошондой эле, атомдук станциялардын жайгашуусу, реактордун кубаттуулугу жана баасы боюнча изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков