Президент Алматы шаарынын акимин кабыл алды

Президент Алматы шаарынын акимин кабыл алды

Алматыда үчтүн айындагы окуяда жабыркаган ишкерлерге тез жардам көрсөтүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн механизми боюнча төлөмдүн көлөмү 10 миллион теңгеге чейин көбөйтүлдү. Арыздарды кароо мөөнөтү 1 айдан 2 жумага чейин кыскартылды. Бүгүнкү күндө катталган 1413 ишкердин 755и компенсация алышкан. Бул тууралуу шаар акими президентке отчёт берип жатып айтты, деп билдирди Акорда. Ерболат Досаев жалган куран айынын 10на карата бизнеске кайрылуулардын 90%ы каралып бүтөөрүн маалымдады. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев шаардагы инженердик коммуникацияларды модернизациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууну, турак жай фондун реконструкциялоого өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков