Казакстанга келген туристтердин агымы өсүүдө

Казакстанга келген туристтердин агымы өсүүдө

Казакстанга келген туристтердин агымы өсүүдө. Айрыкча ковидге байланыштуу чектөөлөр алынып салынгандан кийин. «Kazakh Tourism» компаниясынын маалыматы боюнча, акыркы жумада эле Казакстанга үч жарым миңден ашуун чет элдик жаран келген. Ички туризм тармагын колдоо чаралары өркүндөтүлүүдө. Бүгүнкү күндө 191 долбоордон турган каражат бекитилди. Жалпы инвестициянын көлөмү 3 триллион теңгеге жакын.

Талгат Аманбаев, «Kazakh Tourism» УК башкарма төрагасы:

- «Сапат белгиси» программасы бекитилди. Балдар жана өспүрүмдөр туризми, агротуризм, Жибек Жолу багыттары боюнча 3300 туристтик объектилерге талдоо жүргүзүлдү. «Kazakh Tourism» дагы Казакстанга эл аралык иш-чараларды тартуу боюнча иш алып барат. Бүгүнкү күндө 5 миң чет элдик делегаттын катышуусу менен 2022-2025-жылдарга бизнес-туризм боюнча 12 иш-чара бекитилди. Алардын ар бири туристтик дараметти жайылтууга багытталган. Ошол эле учурда, санариптик маркетинг жана PR куралдарына артыкчылык берилет.

Чет өлкөдө жогору бааланган көптөгөн казакстандык туристтик объектилер аз эмес, бир нече ата мекендик мейманканалар дүйнөлүк «Lonely Planet» басма үйүнүн версиясында эң мыкты деп таанылган. Ал эми Telegraph басылмасы Казакстанды тез өнүгүп келе жаткан өлкө катары таанып, Алматыны 2022-жылкы бюджеттик багыттардын тизмесине киргизген. «Дүйнөлүк айыл туризми» номинациясында Көлсай көлдөрү улуттук паркы жана Саты айылы жеңишке жетишти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков