БУУ баш катчысы Донбасстагы ок атышууну токтотууга чакырды

БУУ баш катчысы Донбасстагы ок атышууну токтотууга чакырды

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Украинадагы жаңжал тараптардын ок атышуусун тез арада токтотууга чакырды. Ал өлкөдөгү соңку окуяларга терең тынчсыздануусун билдирип, диалог орнотууга чакырды.

Антониу Гутерриш, БУУнун баш катчысы:

- Биз Украина элине гуманитардык операциялар жана адам укуктарын коргоо аракеттери менен колдоо көрсөтүүнү улантабыз. Ушул оор мүнөттөрдө ок атышууну тез арада токтотууга жана мыйзам үстөмдүгүн калыбына келтирүүгө чакырам. Биз токтоолугубузду жана акыл-эстүүлүгүбүздү көрсөтүшүбүз керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков