Казакстан менен Түштүк Корея студенттери онлайн жолугушту

Казакстан менен Түштүк Корея студенттери онлайн жолугушту

Казакстан менен Түштүк Кореянын жаштары интернет аркылуу жолугушту. Өлкөнүн студенттери Кореянын чет тилдер университетинде билим алып жаткан курдаштары менен түз байланышка чыгышты. Телекөпүрө эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата уюштурулду. Белгилей кетсек, жаштар казак жана корей тилдеринде окуп жүргөндүктөн, котормочунун жардамысыз эле маектеше алышты. Эки өлкөнүн жаштарынын мындай онлайн жолугушууларын айына эки жолу өткөрүү мерчемделүүдө.

Гүлназ Жоланова, актриса:

- Бул жолугушуу мага жакты. Таң калдым десем болот, анткени корей кыз-жигиттери 3-4 жылдын ичинде казак тилин мыкты өздөштүргөн. Ал тургай адабий тилде сүйлөйт. Мен жаштарга ийгилик гана кааладым. Ал эми бул жолугушууну уюштурган Казакстандын элчилигине ыраазычылык билдирем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков