Казакстандык музыкант белгилүү тасмалардын трейлерине ыр жазат

Казакстандык музыкант белгилүү тасмалардын трейлерине ыр жазат

Биз дүйнөлүк кинолордун жарнамаларын чыдамсыздык менен күтсөк, башкалар экран артында жаңы нерселерди ойлонуштурууда. Алардын бири биздин жердешибиз, Түндүк аймакта туулган - Тигран Папазян. Бүгүнкү күндө анын ысымы кесипкөй коомчулукка кеңири белгилүү. Ал «Последний богатырь: корень зла», «Собибор», ошондой эле, «Карамора» сериалына жана башка да белгилүү тасмалардын трейлерлерине музыка жазган. Белгилей кетсек, жаш композитор түрдүү роликтер менен Голливуд кино клиптердин жана музыкалардын автору.

Тигран Папазян, композитор:

- Расмий сайттан менин канча кино жана оюндарга музыка жазганымды көрүүгө болот. Мен бардык ири компаниялар менен өнөктөш болдум. Алардын арасында Warner Brothers, Sony, The Walt Disney, Universal Pictures бар.

Тигран 11 жашынан бери музыка менен алектенип баштаган. Анын айтымында, бул жаатта белгилүү бир деңгээлге көтөрүлүш үчүн адам өзү иштеп, издениши керек. Анын азыркы жаштарга айтаары да ушул.

Тигран Папазян, композитор:

- Башында мен биринчилерден болуп америкалык тасмалар үчүн музыкага лицензия берген чет элдик лейблдар менен өзүм байланыштым. Алар трейлер музыкасынын каталогдорун чогултуп, кийин өз кардарларына сунушташат. Мен обондорумду каталогго калтырып, кийин аларды трейлерлерде колдонот. Мына ошентип ошол чөйрөдө популярдуу боло баштадым. Кийинчерээк орусиялык тасмаларга трейлер жазгандар өздөрү байланышка чыгышты.

Композитор трейлер музыкасы ар кандай жанрда өнүгүүгө жана баа жеткис тажрыйба алууга мүмкүндүк берерине ишенет. Бүгүнкү күндө анын 25тен ашык композициясы 50дөн ашык түрдүү тасмалардын трейлеринде колдонулду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков