Туризм тармагына арналган субсидиялар

Туризм тармагына арналган субсидиялар

Түндүк Казакстан облусунда жыл бою иштеген 15 эс алуу жайы пайда болот. Имантау-Шалкар курорттук аймакта жаңы туристтик объекттер ачылат. Азыр алардын саны 6га жетти. Үстүбүздөгү жылдын үчтүн айынан тарта туризм тармагында иштеген ата-мекендик ишкерлерге мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Субсидия объектилерди курууга гана эмес, аларды реконструкциялоого да берилет. Кыймылдын ордун толтурууга арыздар жалган куран айынын 1не чейин кабыл алынат. Ал быйыл пайдаланууга берилген объектилерге берилет.

Данияр Исаев, облустук ишкердик башкарма башчысынын орун басары:

- Бул каражаттар туристтик объектилерди курууга жана реконструкциялоого кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн жабат. Тактап айтканда, ишкер серепчилик корутундуда көрсөтүлгөн сумманын 10 пайызы өлчөмүндө субсидия алат. Туристтик максатта унаа сатып алсаңыз -25 пайыз, ал эми жол боюндагы тейлөө объектилерин куруу үчүн 10 пайыз көлөмүндө субсидия берилет. Мындан тышкары, ай сайын санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого 83 миң 300 теңге бөлүнөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков