Казакстанда 13 мыйзамсыз майнингдик фирма аныкталды

Казакстанда 13 мыйзамсыз майнингдик фирма аныкталды

Борбор калаада жер астынан кен иштетүүчү чарба аныкталды. Финансылык мониторинг агенттиги анын электр энергиясын бөлүштүрүүчү тармакка мыйзамсыз кошулганын билдирген. Текшерүүнүн жыйынтыгында чарбадан «bitcoin» криптовалютасын түзүү үчүн 159 майнинг аппараттары аныкталган. Алар өткөн жылдын жетинин айынан бери 21 миллион теңгеден ашык криптовалютаны иштеп табууга жетишкен. Бүгүнкү күндө санариптик майнинг объектилерин текшерүү бүтүндөй Казакстан боюнча жүргүзүлүүдө. Беш күндүн ичинде мобилдик топтор жалпы кубаттуулугу 200 мегаваттан ашкан 13 майнинг фирманы аныктап, ишин токтотушту. Жер астындагы объекттер Акмола, Караганды, Павлодар жана Түркестан облустарында, ошондой эле, Нур-Султан, Алматы жана Шымкентте аныкталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков