Өкмөттө «Казакстан өнүктүрүү банкы» АК реформалоонун күнгөй-тескейи талкууланды

Өкмөттө «Казакстан өнүктүрүү банкы» АК реформалоонун күнгөй-тескейи талкууланды

Казакстандын өнүктүрүү банкы узак мөөнөттүү жана капиталды көп талап кылган инвестициялык долбоорлорду, ошондой эле, өнөр жай өндүрүшүн каржылоого басым жасайт. Алар республика үчүн стратегиялык жана экономикалык мааниге ээ болууга тийиш. Бүгүн өкмөттө каржы институтун реформалоо планы талкууланганын премьер-министрдин басма сөз кызматы билдирди.

«КӨБ жаңы өндүрүш ишканаларын түзүү боюнча долбоорлорду каржылоого басым жасашы керек. Кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жогорулатуу, бизнес-жараяндарды оптималдаштыруу жана санариптештирүү, муну менен катар, банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча ишти улантуу зарыл», — дейт өкмөт башчы Алихан Смаилов.

Которгон: Илгиз Жамалбеков