Оралда кол өнөрчүлүк борбору ачылды

Оралда кол өнөрчүлүк борбору ачылды

Оралда кол өнөрчүлүк борбору ачылды. Эми ар бир адам улуттук кесиптин түрлөрү менен таанышып, үйрөнө алышат. Мисалы, жаштар Айдынбек Имангалиевден булгаары саймачылыктын сырларын үйрөнө алат. Терини иштетип, андан ар кандай буюмдарды жасоо темирдей бекемдикти, чыдамкайлыкты талап кылат, дейт чебер. Ал эми Айнагүл Халык кызы бул табигый материалдан кийиз жана кооз буюмдарды жасоо боюнча мастер-класстарды өткөрөт. Чебердин айтымында, кийиз килем – бул кылымдык тажрыйба менен фантазияны айкалыштырган көркөм чыгарма болуп саналат.

Айнагүл Халык Кызы, кол өнөр чебери:

- Кудайга шүгүр, жүн жетиштүү. Эң чоң байлыгыбыз — койдун жүнү. Эми аны андан ары колго алып, ири өндүрүшкө айландыруу керек. Эң башкысы аны колдонууга киргизүү зарыл.

Ботагөз Канатова, кол өнөр чебери:

- Кадимкидей кийиз басуу, токуу, гобелен боюнча сабактарды, мастер-класстарды уюштуруп, сабактарды үйрөтө алабыз. Оймо-чийменин өзү бир маселе болот. Суроо-талап пайда болуп жатат, бул борбор ачылып кубанычыбыз койнубузга батпай, төөнүн карды жарылып жаткан күн. Ошондуктан эми суроо-талап да, кызыгуучулук да болот деп ишенебиз.

Кол өнөрчүлүк борборунда азыркы маалда 20 чебер иштейт. Алар өз билгендерин башкаларга бөлүшүүгө даяр. Эң негизгиси каалоо жана ниет болушу керек. Максаты – маданий мурастарды жайылтып, улуттук колориттерге бай руханий дүйнөбүздү даңазалоо, дешет чеберлер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков