Кен жайларды казуу иштерине инвесторлор тартылат

Кен жайларды казуу иштерине инвесторлор тартылат

Казакстан геологиялык чалгындоо жана кен жайларын иштетүүгө инвестиция тартат. Учурда өкмөт жер казынасын пайдалануучуларга берилген келишимдерди жана лицензияларды кайра карап чыгуу боюнча системалуу түрдө иш алып барууда. Алсак, талдоо жүргүзүү учурунда бийлик органдары тарабынан милдеттенмелерин жакшы аткарбай жаткан катуу пайдалуу кендер боюнча 148 жана көмүр суутек чийки затына байланыштуу 27 келишим аныктады. Алар менен түзүлгөн келишимдер бузулуп, ал эми кен жайлары жаңы инвесторлорго берүү үчүн аукционго коюлат. Бул иш-чаралардын натыйжасында жер казынасын пайдалануу тармагына, биринчи кезекте катуу пайдалуу казуулар кен жайларын иштетүү боюнча инвестициялардын агымы көбөйөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков