Оттавада нааразычылык акциясына чыккан 200гө жакын адам кармалды

Оттавада нааразычылык акциясына чыккан 200гө жакын адам кармалды

Канаданын борборунда коронавирус чектөөлөрүнө каршы демонстрацияга чыкканы үчүн 200гө жакын адам кармалды. Полиция демонстранттарды өлкөнүн Оттава борборунан сүрүп чыгарды. Ондогон унаалар эвакуацияланды. Операция бир нече күнгө созулууда. Полиция митингдин кайра башталышына жол бербөө үчүн бир нече автожолдорду жаап, 100дөн ашык көзөмөл-өткөрүү пункттары орнотулду. Эске салсак, Канадада жүк ташуучу унаалардын коронавирустук чектөөлөргө каршы жүрүшү үчтүн айынын аягында башталган. Митингчилер жүк ташыган унаалардын айдоочулары.

Стив Белл, Оттава полициясынын өкүлү:

- Иш таштоодон жабыркаган аймактарда тазалоо иштери башталды. Азырынча бардык өткөрүү пункттары штаттык режимде ишин улантып жатышат. Шаар тургундарын түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Эгерде мыйзамсыз митингдер таркабаса, камакка алына тургандыктарын эскертебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков