Оренбург казактары ата мекенге таанып-билүүчүлүк саякаты менен келди

Оренбург казактары ата мекенге таанып-билүүчүлүк саякаты менен келди

Мекенге болгон таанып-билүү саякаты. Казакстанга «Оренбург аймактык казак-улуттук маданий автономиясы» коомдук уюмунун бир нече өкүлдөрү келди. Алар аптанын аягына чейин борбордо мекендештер фонду тарабынан атайын уюштурулган казактын улуттук маданияты, каада-салты жана казак тили боюнча мастер-класстарга катышат. Казакстандык Айгерим Бижанованын айтымында, анын Казакстанга келүүдөгү иш сапарынын негизги максаты – улуттук баалуулуктар менен таанышуу жана аларды Орусиянын казактары арасында жайылтуу. Оренбургда 120 миңден ашык казак жашайт. «Аймактык казак-улуттук маданий автономиясы» коомдук уюму 2008-жылы түзүлгөн.

Айгерим Бижанова, «Оренбург аймактык казак улуттук маданий автономиясы» коомдук уюмунун өкүлү:

- Бизде Оренбург шаарында автономия борбору бар. Биз азыркы учурда лицензия алуу үстүндө иштеп жатабыз. Билим берүү жагынан бизде борбор ачылып жатат. Биринчи тармагыбыз албетте - бул тил. Казак тили, домбра классы, бий жана Казакстан тарыхы салт-санаасы, кол өнөрчүлүгү. Ушундай 5 багытты камтыган борбор ачылып жаткандыктан, биздин иш сапарыбыздын максаты толук маалымат алуу. Биздин казактар кандай жашап келди, кандай салт-санаалар сакталып калган? Биз билгенибизди Оренбург казактарына, өсүп келе жаткан жаш муундарга калтырууну көздөйбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков