Казакстандыктар 22 миңге жакын билим берүү депозитин ачты

Казакстандыктар 22 миңге жакын билим берүү депозитин ачты

Жаш муундун келечегине эффективдүү инвестиция. Баласынын келечектеги окуусун ойлогон казакстандыктар 22 миңге жакын депозит ачты. «AQYL» мамлекеттик билим берүү сактык системасы тууралуу маалымат менен Билим берүү жана илим министрлигинин Финансы борборунун башкармалыгынын төрагасы Аскар Ибраимов бөлүштү. Анын айтымында, учурда 31 миллиард теңгеге жакын инвестиция салынган. Эске сала кетсек, өлкөнүн каалаган жараны өз баласынын атына депозит ача алат. Ошол эле учурда, акылдуу ата-эне банк акысынан тышкары 5%дан 7%га чейин мамлекеттик сыйакы алат. Чогулган каражат окуу акысын төлөөгө гана жумшалышы керек. Ата мекендик менен катар, чет элдик университеттерди тандоо мүмкүнчүлүгү да каралган.

Аскар Ибраимов, Билим берүү жана илим министрлигинин каржы борборунун башкарма төрагасы:

- Бул жаатта, эгерде бала ЖОЖдун грантына тапшырса, анда бардык жеңилдиктер, анын ичинде чогулган каражаттардын толук суммасы аманатчынын менчигинде калаарын жана ал аны накталаганга чейин башкара аларын белгилей кетүү керек. Эң негизгиси, бул аманат Казакстандын Кепилдик фонду тарабынан камсыздандырылып, мамлекеттик органдар жана үчүнчү жактартарабынан ар кандай тыюу салуулардан жана чектөөлөрдөн мыйзам тарабынан өзгөчө корголгондугун белгилей кетүү керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков