Казакстанда жаңы кайра иштетүү ишканалары түзүлөт

Казакстанда жаңы кайра иштетүү ишканалары түзүлөт

Казакстан кайра иштетүүчү тармактардын санын көбөйтүүгө ниеттенүүдө. Өлкөнүн Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги бугу айында жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө түрткү берүү боюнча чаралардын комплексин өкмөткө сунуштайт. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Кайырбек Өскенбаев билдирди. Анын айтымында, бул иш өлкөнүн тоо-кен металлургиялык ишканаларында башталган. Анда негизги долбоорлорго 12 өндүрүш кирген. Алар аккумуляторлорду, алюминий радиаторлорун, профилдерди, унаа дисктерин жана тамак-аш кутуларын чыгаруу менен алектенишет. Министр белгилегендей, бүгүнкү күндө дүйнөдө негизги металлдарга болгон суроо-талап өсүп жатат.

Кайырбек Өскенбаев, Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:

- Өлкөдө экспортко багытталган глинозем жана жез концентраты боюнча чоң чийки заты кору бар. Биз азыр республикада өндүрүлгөн бардык глиноземду жана жез концентратын кайра иштетүү үчүн жаңы электролиз жана жез эритүүчү заводду куруунун үстүндө иштеп жатабыз. Бул баштапкы металлдарды өндүрүүнү көбөйтүүгө, орто жана узак мөөнөттүү келечекте ата мекендик кайра иштетүүчүлөрдөн чийки эмес заттын керектүү көлөмүн камсыз кылууга жана аларды сатуудан түшкөн экспорттук кирешени көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков