Балдардын бакубаттуулугунун индекси

Балдардын бакубаттуулугунун индекси

2023-жылы Казакстанда балдардын бакубаттуулугунун индекси бар интерактивдүү карта киргизилет. Жыйналган маалыматтардын жардамы менен адистер билим берүү, саламаттык сактоо, коопсуздук, социалдык коргоо, инфраструктура жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында балдардын абалын жакшыртуу боюнча улуттук саясаттын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзө алышат. Картаны түзүүдө ар кандай мекемелердин статистикалык маалыматтарына, социалдык сурамжылоонун жана анонимдүү сурамжылоого жана маектердин жыйынтыгына негизделген. Эске салсак, балдардын бакубаттуулугунун индекси премьер-министрдин токтому менен бекитилген. Учурда маалымат топтоо боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат.

Дулат Жекебаев, Казакстандын Билим жана илим министрлигинин Балдардын укуктарын коргоо комитети төрагасынын орун басары:

- Балдардын бакубаттуулугунун улуттук мониторинги дегенибиз – бул жалпы Казакстан Республикасынын бүткүл аймагындагы 3 миллиондон ашык баланын жыргалчылыгын, абалын билүү үчүн иштелип жаткан мониторинг. Башкача айтканда, интерактивдүү карта дегенибиз - бул ачык маалымат, ошондой эле, ачык маалыматта балдардын абалы кайсы аймакта кандай экенин, кандай шартта жашаганын ар бир жаран көрө алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков