Өзгөчө жана каатчылык кырдаалдарда натыйжалуу аракеттерге багытталган долбоорлор

Өзгөчө жана каатчылык кырдаалдарда натыйжалуу аракеттерге багытталган долбоорлор

Казакстандыктардын жашоо сапатын жакшыртуу, эко-ыктыярчылыкты өнүктүрүү, үчтүн айындагы окуяда жабыркаган социалдык объектилерди жана кыйраган шаарларды калыбына келтирүү. Бул Qolda долбоорун каржылоонун негизги багыттары. Гранттар сынагынын төртүнчү этабына өлкөдө катталган бейөкмөт уюмдар тарабынан арыздар кабыл алынат. Уюштуруучулар үстүбүздөгү жылдын чын куран-тогуздун айларында ишке ашырыла турган жалпысынан 11 демилгени колдоону мерчемдеп жатат. Арыздарды кабыл алуу бирдин айынын 28не чейин жүргүзүлөт. Жыйынтыгы жалган куран айынын 18де чыгарылат.

Алия Исаева, Qolda долбоорунун менеджери:

- Биз өлкөбүздө орун алган окуяларга кайдыгер карабай, дароо реакция кылууга аракет кылабыз. Биз жарандык коом катары кандай салым кошо алабыз? Ошондуктан биз үч багытты тандап алдык. Бул экономикалык жана экологиялык, ошондой эле, карантиндин кесепети. Бул учурда сунушталган долбоорлор эки инструмент: санариптик технологиялар менен адвокатура болууга тийиш. Бизге ар кайсы шаарлардан арыздар келип түшүүдө. Бул сынакка көптөгөн бейөкмөт уюмдар кызыгып, өз салымдарын кошкусу келгендерге абдан кубанычтамын.

Уюштуруучулардын айтымында, буга чейин долбоордун үч этабы ишке ашырылган. Алардын баары белгилүү бир көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Алгач борбор калаада жана Алматы шаарларында COVID-19 пандемиясынын терс таасирин минималдаштыруу боюнча демилгелер каржыланган. Кийин илдет күчөгөн маалда калкты колдоого, ыктыярдуулук ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө көңүл бурулган. Үчүнчү этапта өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн жарандык коомдун дараметин жогорулатууга артыкчылык берилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков