Казакстандык авиакомпаниялар Евробиримдиктин кара тизмесинде жок

Казакстандык авиакомпаниялар Евробиримдиктин кара тизмесинде жок

Казакстанда учуу коопсуздугу жогорку деңгээлде. Эл аралык жарандык авиация уюмунун серепчилери аны 84 пайыз деп баалады. Бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн 15 пайызга жогору.

Талгат Ластаев, Казакстандын ИИДМ Жарандык авиация комитетинин төрагасы:

- Пандемия өзүнүн түзөтүүлөрүн киргизди. Бирок азыр чектөөлөр акырындап жеңилдеп жатат. Казакстанга жаңы багыттарды кошуп, эң негизгиси биздин өлкө аркылуу жаңы каттамдарды өнүктүрөт деп ишенебиз.

Эске сала кетсек, Казакстандын авиакомпаниялары Евробиримдиктин кара тизмесинде жок. Еврокомиссиянын мобилдик жана транспорт департаментинин кызматташуусу өлкөдөгү учуу коопсуздугунун деңгээлин мындан ары да жогорулатат.

Талгат Ластаев, Казакстандын ИИДМ Жарандык авиация комитетинин төрагасы:

- Жарандык администрация түзүлдү. Ал бир нече жыл бою жакшы натыйжаларды көрсөтө алды. Еврокомиссиянын мүчөлөрү муну жогору баалашты. Өткөн жылы биз Европа жарандык авиация конференциясынын мүчөсү болдук. Ага ылайык, Евробиримдик мындан ары казак авиакомпанияларына чектөө киргизбөөгө тийиш.

Жарандык авиация комитетинин төрагасынын айтымында, өлкөнүн 12 аэропортуна «ачык асман» тартибин киргизүү зарыл. Аэропорттор түз каттамдарга гана эмес, Казакстан аркылуу Жапонияга же Түштүк-Чыгыш Азияга транзиттик каттамдарга да жарамдуу болууга тийиш. Башкача айтканда, учуу коопсуздугунун эң жогорку стандарттарына жооп бериши керек. Анан албетте, европалык өнөктөштөр менен тажрыйба алмашуу жардам берери шексиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков