Алтын Ордо дооруна таандык баалуу экспонаттар улуттук музейде сунушталды

Алтын Ордо дооруна таандык баалуу экспонаттар улуттук музейде сунушталды

Борбор калаада казак тарыхынын жаркын өкүлү Болган ананын реконструкцияланган образы тааныштырылды. Бул антропологиялык маалыматтарга негизделген өлкөдөгү биринчи гиперреалисттик скульптура. Жергиликтүү уламыштарга караганда, ал Жучи хандын кызы, кээ бир маалыматтарда анын келини болгон, дагы бир булакта Улуу Талаа башкаруучуларынын бири болгон деп айтылат. Кандай болгон күндө да Улытаудагы байыркы күмбөздү комплекстүү изилдөө жүрүшүндө болгон ырым-жырым менен жерге берилген 35-40 жаштардагы аял экендиги аныкталды. Аны менен кошо, жибек кездемеден тигилген чапан, алтын чөйчөк жана сөйкөлөр, темир тутка менен күзгү табылган. Улуттук музей Алтын Ордо дооруна таандык баалуу экспонаттарды Караганды облусунун тарыхый-чөлкөм таануу музейине тартуулап жатат.

Ержан Нурмагамбетов, Караганды облустук тарыхый-чөлкөм таануу музейинин башчысы:

- Биз жоогазындын мекенибиз дейбиз го. Алтын идиштин түбүндө кадимки жоогазындын сүрөтү тартылган. Четинде өзүбүздүн кадимки казактын кочкор мүйүзү. Муундардын уландысы, тарыхтын уландысы деген ушул. Биз Улуттук музейден баштайлы деп жатабыз. Мындан кийин 17 аймактын баары бар дейбиз. 17 аймактын баарын кыдырып, Алтын Ордонун, анын ичинде Жучи династиясынын тарыхын көрсөтөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков