Акы төлөнүүчү унаа жолдордон 8 млрд теңгеден ашык каражат түштү

Акы төлөнүүчү унаа жолдордон 8 млрд теңгеден ашык каражат түштү

2021-жылы өлкөдө акы төлөнүүчү унаа жолдордон түшкөн кирешенин көлөмү 8 млрд 100 млн теңгени түздү. Бул тууралуу Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлиги билдирди. Тактап айтканда, төрт акы төлөнүүчү Нур-Султан – Темиртау, Нур-Султан – Щучинск, Алматы – Капчагай жана Алматы – Хоргос жолдорунан 7 миллиард теңгеге жакын каражат түшкөн. Кошумчалай кетсек, былтыр күздөн бери өлкөдө дагы 7 акы төлөнүүчү участок иштей баштады. Тараз - Кайнар, Шымкент - Кызылорда, Шымкент - Тараз, Шымкент - Өзбекстан чек арасы, Талдыкорган - Капчагай, Көкшетау - Щучинск, Нур-Султан - Павлодар жолдору бир айдан азыраак убакыт ичинде 1 миллиард теңгеден ашык киреше алып келди. Чогулган каражат акы төлөнүүчү жолдорду тейлөөгө жана программалык-техникалык камсыздоону колдоого жумшалды, деп маалымдайт министрлик.

Которгон: Илгиз Жамалбеков