Казакстан президенти иш сапары менен Татарстанга барды

Казакстан президенти иш сапары менен Татарстанга барды

Казакстан Татарстандын алдыңкы он соода өнөктөшүнүн бири. Эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү жыл сайын өсүүдө. 2021-жылдын 11 айында бул көрсөткүч 557 миллион долларды түзгөн. Ошол эле учурда, эки өлкө эки тараптуу сооданы 1 миллиард долларга жеткирүүгө кызыктар. Белгилей кетсек, Казакстан Татарстанга мунай жана мунай өнүмдөрүн, аккумуляторлорду, крахмал жана май экспорттойт. Ошондой эле, Татарстан муздаткычтарды, жылуулук насосторун, полиэфирлерди, чайыр жана поликарбонаттарды импорттойт. Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев учурда Казань шаарында иш сапары менен жүрөт. Мамлекет башчысынын республикага сапарынын программасы президент Рустам Миннихановдун тосуп алуусу менен бирге, «Казань Кремль» мамлекеттик тарыхый-архитектуралык көркөм музей-коругуна баруудан башталды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков