Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун бирден бир жолу алдыңкы технологияларды киргизүү

Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун бирден бир жолу алдыңкы технологияларды киргизүү

Казакстан «жашыл» экономикалык саясатты максималдуу колдоого артыкчылык берет. Бул багытта комплекстүү иш-чаралар колго алынган. Жакынкы келечекте республикадагы 50 ири өнөр жай ишкана экологияга келтирилген зыянды бир кыйла азайтат. Анын натыйжалуу жолдору бар. Бул механизмдер жакында кабыл алынган жаңы Экологиялык кодексте каралган.

Азырынча Казакстан шаарлардын булганыч көрсөткүчү боюнча 115 өлкөнүн ичинен 33-орунда турат. Бул жаатта өлкөнүн индекси 73,4 түзөт. Антирейтингде Камерун, Монголия жана Мьянма алдыда. Финляндия 12,1 индекси менен эң жакшы көрсөткүчкө ээ. КМШда Азербайжан бир кадам алдыда. Төмөндө Молдова, Украина, Орусия, Армения жана Беларусь жайгашкан.

Белгилей кетсек, алдыңкы технологияларды биринчи кезекте өлкөнүн энергетика тармагына, тоо-кен металлургия комплексине, гүлбото жана химия өнөр жайына киргизүү мерчемделип жатат. Бул принциптерге өтүү үчүн учурда улуттук каталогдор иштелип чыгууда. Алардын жалпы саны 16 болот. Аны менен Эл аралык Жашыл технологиялар жана инновациялык долбоорлор борборунун атайын бюросу алектенет.

Ерлан Тасбаев, Алдыңкы технологиялар бюросунун башчысы:

- Аныктамаларды, улуттук маалымдамалар иштелип чыккандан кийин негизги булгоочулар, башкача айтканда, биринчи категориядагы ишканалар комплекстүү экологиялык уруксат ала алышат. Буга ылайык, Салык кодексинин мыйзам долбооруна ылайык, 25 жылдан баштап айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөөдөн бошотулат. Алдыңкы жеткиликтүү технологияны ишке киргизүү — бул өндүрүштү модернизациялоо, бардык технологиялык жараяндарды автоматташтыруу, аларды кайра жабдуу дегенди билдирет. Ишканалар мамлекетке жана коомго алда канча ачык болот. Жалпысынан бул айлана-чөйрөгө, анын ичинде калктын саламаттыгына терс таасирин бир топ азайтат.

Өлкөдөгү жалпы экологиялык абал боюнча ишканалардын абасынын орточо суткалык булганышы, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттардын чыгышынын көбөйүшү сыяктуу бардык маалыматтар ушул интерактивдүү картада чагылдырылган. Аны өлкөнүн экологиялык уюмдар ассоциациясы иштеп чыккан.

Алия Баймаханова, Экологиялык уюмдар бирикмеси башкарма төрагасынын кеңешчиси:

- Бул мониторинг реалдуу убакытта көрүнүп турат. Азырынча кеп бүткүл өлкөнүн өнөр жай комплекси жөнүндө эмес, жалаң гана ири ишканалар жөнүндө болуп жатат. Интерактивдүү карта мүмкүн болушунча маалыматтык болот деп күтүлүүдө. Бул бийлик органдарынын ишинин маанилүү куралы болуп саналат. Мындан тышкары, интерактивдүү карталар системасында өлкөнүн калкы үчүн коомдук мониторинг жүргүзүп, көзөмөл жасоо үчүн мүмкүнчүлүктөр каралган.

Белгилей кетсек, карта коомчулуктун сайтында жеткиликтүү. Өлкөнүн ар бир жараны өзүнүн шаарына, айылына же жалпы эле аймактагы экологиялык маселелер боюнча өз арыздарын, сын-пикирлерин жана каалоо-тилектерин калтырууга укуктуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков