ЖККУ үчтүн айындагы окуя боюнча жумушчу топ түздү

ЖККУ үчтүн айындагы окуя боюнча жумушчу топ түздү

Жамааттык коопсуздук келишим уюму Казакстандагы үчтүн айындагы окуя боюнча атайын жумушчу топ түздү. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Станислав Зась билдирди. Анын айтымында, мындай каатчылыкты биргелешип чечүүнүн биринчи тажрыйбасы жана операция колдонуудагы механизмдердин натыйжалуулугун көрсөттү. Келечекте уюм каатчылыкка жооп кайтарууну жакшыртууга жана биологиялык коргоо системасын түзүүгө ниеттенүүдө.

Марат Сыздыков, Казакстандын ТИМнин орун басары:

- Жамааттык коопсуздук келишим уюму күчтөрүнүн Казакстанда болушу антитеррордук операцияга өзгөчө көңүл бурууга мүмкүндүк берди. ЖККУнун күчтөрү стратегиялык жана социалдык маанилүү объектилерди кайтарды. Жалпысынан бул аскердик контингенттин Казакстанда болушу өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууда маанилүү роль ойноду. Учурда коомчулуктун катышуусу менен болгон окуяларды комплекстүү иликтөө иштери жүрүп жатат.

Станислав Зась, ЖККУнун Башкы катчысы:

- Тиешелүү чечим кабыл алынса, керек болсо каалаган жерде иш алып барууга бизде бардык мүмкүнчүлүктөр жана механизмдер бар. Биз аны жыл сайын өлкөлөрдөгү окуу-машыгуу жыйындарында бышыктап келебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков