Казакстанда учак оңдоо борбору ачылат

Казакстанда учак оңдоо борбору ачылат

Казакстандын борборунда Борбор Азиядагы аба кемелерине техникалык кызмат көрсөтүү борбору ачылды. Бул жерде биринчи кезекте аскердик учактар оңдолот. Ал эми алдыдагы убакытта сервистик кызмат менен жарандык авиациядагы учактарды камтуу мерчемделип жатат.

Оралбай Мамбетов, Казакстандын ИИДМ Коргонуу өнөр жай комплекси департаментинин башкарма башчысы:

- Бул тейлөө борбору бүтүндөй Борбор Азия аймагын камтыйт. Аскердик багыт алкагында биз Airbus СИ295 учагын өздөштүрүп жатабыз. Меморандумга ылайык, Airbus компаниясы бул жерде техникалык аудит жүргүзгөн, азыр бизде кандай мүмкүнчүлүктөр бар экендиги талкууланып жатат.

Белгилей кетсек, кызмат көрсөтүү борборун түзүү учактарды оңдоонун татаал түрлөрүнө өтүүгө мүмкүндүк берет. Анткени, мурда мындай иш Испанияда гана аткарылчу. Ата мекендик адистерди даярдоо жана окутуу да ошол өлкөдө жүргүзүлүп келген. Жакынкы эки жылдын ичинде республикада учактарды толук техникалык жактан тейлөөнү өздөштүрүү мерчемделүүдө.

Айдар Ануарбек, «Казакстандын авиациялык индустрия» ЖЧК долбоорлор башкармасынын башчысы:

- Ушул үлгүдөгү учактарда көп жылдар бою иштеген тажрыйбалуу чет элдик адистер тартылган. Ошондой эле, квалификация жана тажрыйба алмашуу да бар. Ата мекендик ишканаларда ремонт иштеринин локализациялоо үлүшү артып келет.

Белгилей кетсек, коргоо өнөр жайын өнүктүрүү концепциясына ылайык, быйыл өлкөнүн коргонуу өнөр жайы Көкшетау шаарында Калашников автоматын чыгарууну да мерчемдеп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков