Казакстанда майнинг салыгы өсөт

Казакстанда майнинг салыгы өсөт

Казакстанда криптовалюта өндүрүү менен алектенгендер бюджетке көбүрөөк салык төлөшөт. Бирок аны көтөрүүдөн мурун санариптик өндүрүштү жөнгө салуу жана өнүктүрүү боюнча комплекстүү план иштелип чыгат. Ошондой эле, республика боюнча бул багыттагы бардык чарбаларды аныктап, текшерүү көздөлгөн. Президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн жакында өткөн кеңейтилген жыйынында майнерлердин бир киловатт электр энергиясы үчүн төлөгөн бир теңгенин баасы анча деле маанилүү эмес экенин айткан. Анткени бул өлкөдөгү мыйзамсыз криптофермалардын 1,4 киловатттан ашык электр энергиясын керектегени менен байланыштуу. Бул расмий иштеген майнерлер керектеген көлөмдөн эки эсе көп.

Арман Байганов, экономист:

- Негизи Казакстанда салына турган салык жалпысынан алганда эң төмөн өлчөмдөрдүн бири болуп саналат. Мисалы, биздин салык базабыз Орусия менен салыштырганда бир топ аз. Анда кошумча нарк салыгы 20% болсо, бизде 19%. Айырма бар. Ал тургай жеке адамдар үчүн деле жеке киреше салыгы 13%, бизде 10%. Башкача айтканда, биздин өлкөдө иштеп жаткан салык системалары Америка менен Европага караганда алда канча эффективдүү. Менимче, президенттин жаңы тарифтерди жана салык бааларын бекитүү жана аларды күчөтүү боюнча тапшырмасы бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн зарыл. Бул майнингдик компаниялардын чөнтөгүнө оор тийип, көбү ишин токтотушу мүмкүн.

Эске салсак, Казакстан бул жаатта дүйнөлүк лидерлердин бирине айланды. Өткөн жылдын баш оона айында дүйнөлүк майнинг көлөмүнүн 18%ын түзгөн Казакстан бул көрсөткүч боюнча АКШдан кийинки экинчи орунду ээлеген. Алдыңкы үчтүктү Орусия толуктайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков