Роллан Сейсенбаев «Дүйнөнүн алтын жазуучусу» аталды

Роллан Сейсенбаев «Дүйнөнүн алтын жазуучусу» аталды

«Дүйнөнүн алтын жазуучусу» диплому казак жазуучусу Роллан Сейсенбаевге ыйгарылды. Бул жогорку наам дүйнөнүн эн прогрессивдүү, көрүнүктүү жазуучуларына, алардын руханий эмгектери жана кубаттуу чыгармачылык умтулуулары үчүн ыйгарылат. Алардын китептери адам баласынын жашоосунун жаркын келечегине жол салганы менен баалуу. Беделдүү сыйлыкты Radius жана Pegasus Brucke эл аралык искусство борборлору менен он өлкөнүн эл аралык коомдук уюмдары даярдаган.

Нуржан Кулымжанов, ага окутуучу:

- Ал жазуучу гана эмес, улуу гуманист. Ата-бабабыздан калган руханий баалуулуктарыбызды бүгүнкү жаш муундарга жеткирип келет. Анын эмгектеринде көчмөн маданияттан отурукташкан маданиятка өтүүдөгү кыйынчылыктар сүрөттөлөт. Анда жаратылышка болгон көз-карашты, адамдардын ортосундагы мамилени баяндайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков