Казакстанда жарандардын банкроттугу жол-жобосунун 3 түрү киргизилет

Казакстанда жарандардын банкроттугу жол-жобосунун 3 түрү киргизилет

Өлкөдө төлөө кудурети төмөн жеке адамдардын өзүн банкрот деп таануу процедурасынын 3 түрүн киргизүү көздөлүүдө. Каржы министринин биринчи вице-министри Марат Султангазиевдин айтымында, биринчи кезекте соттон тышкаркы банкроттук жол-жобосун 12 ай ичинде карызын төлөй албагандар колдоно алат. Бул учурда карыз 300 миң теңгеден ашпашы керек жана анын ордун толтурган мүлк болбошу керек. Кошумчалай кетсек, 6 айдын ичинде 5 миллион теңгеге чейин карызын төлөй албай жүргөн адамдар бул процедураны сотко кайрылбай эле колдоно алышат. Эгерде туруктуу кирешеси болуп, убактылуу төлөө мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, карызкорго 5 жылга чейин карызды төлөөнүн башка мүмкүнчүлүктөрү берилет. Сот банкроттугу 5 миллион теңгеден ашкан карызкорлорго тиешелүү. «Айрым серепчилер тарабынан банкрот болгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө жана каржы уюмдарында кандайдыр бир кызматты ээлөөгө тыюу салуу боюнча сунуштар бар. Бул маселелер дагы эле талкууда», - деди каржы министринин орун басары.

Марат Султангазиев, Казакстандын биринчи каржы вице-министри:

Бул процедуранын жүрүшүндө карызкордун мүлкү сатылууга жатат. Андан түшкөн каражаттар белгиленген тартипте карызкордун алдындагы карыздарды төлөөгө жумшалат. Эгерде жалгыз турак жай күрөө болуп саналса, насыячы банкрот болгон учурда аны алууга укуктуу. Жалгыз турак жай күрөөгө коюлбаса, карызкор аны талап кыла албайт. Эгерде карызкордо кара ниеттик белгилери болбосо, калган төлөнбөгөн сумма эсептен чыгарылууга жатат. Бирок алимент боюнча карыздар жана башка адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян эсептен чыгарылууга жатпайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков