Бүгүн Мукагали Макатаевдин туулган күнү

Бүгүн Мукагали Макатаевдин туулган күнү

Бүгүн улуу акын Мукагали Макатаевдин туулган күнү. Ал көзү тирүү болгондо 91 жашка чыкмак. ХХ кылымдагы казак поэзиясынын жаркын өкүлүнүн дүйнөдөн кайтканына 46 жыл өтсө да, анын мурасы жаштардын жүрөгүндө сакталып келет. Бүгүнкү күндө атактуу инсандын артында 400дөн ашык түрдүү жанрдагы чыгармалары калды. Борбор калаадагы Улуттук академиялык китепканада Мукагали Макатаев атындагы жыйындар залы иштейт.

Жаркынбек Жумадилулы, Улуттук академиялык китепканадагы жаштар борборунун жетекчиси:

- Бул залда анын бардык китептери, эмгектери электрондук түрдө сакталган. Анын чыгармаларын QR-код аркылуу эркин окууга болот. Залдын өзү чыгармачылыкка арналгандыктан, Мукагали атабыздын чыгармачылыгын даңазалоо максатында түрдүү кечелерди уюштурууга ылайыкталып жасалган. Адабий кечеге арналып жасалган зал.

Чыныгы акын кыска өмүрүндө казак элине кайталангыс чыгармаларды калтырды. Анын котормочулук талантынын аркасында дүйнөлүк адабияттын шедеврлери Уильям Шекспирдин сонеттери, Уолт Уитмендин ырлары жана Дантенин «Кудайдын комедиясы» казак тилинде сүйлөдү.

Жулдыз Макатаев, М. Макатаевдин уулу:

- Карасазда эки бөлмөлүү дачада турчубуз. 10 жаштагы бала элес. Азыр да эсимде. Эки бөлмөнүн биринде атамдын китептери толтура турчу. Ал ошол китептер менен эмгектенди. Бир жагынан тубаса талант эмгекчил эле. Биз дагы атабыздын эмгегин жайылтууга аракет кылып жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков