Казакстандык арт-долбоор гиннес рекорддор китебине кирди

Казакстандык арт-долбоор гиннес рекорддор китебине кирди

Казакстандын «Дүйнө образы» арт-долбоору Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул Дубайдагы ЭКСПО Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүндөгү өлкөнүн улуттук павильонунда коюлган сүрөт. Ата мекендик демилге өзүн актап, эл аралык деңгээлде таанылган масштабдуу долбоорго айланды. Бүгүнкү күндө 193 өлкөдөн 2000дей адам сүрөткө өз белгилерин калтырышкан. Алардын арасында Голливуд актрисасы Бай Лин, америкалык профессионал мушкер Рой Джонс, казакстандык режиссёр Тимур Бекмамбетов, орусиялык ырчы Валерия, казакстандык профессионал велоспортчу Александр Винокуров сыяктуу дүйнөлүк жылдыздар бар. Кенептин өлчөмү жердин физикалык параметрлерине шайкеш келет. Чыгарма дүйнөнүн кичинекей модели катары адамзатты бириктирип, искусство үчүн чектөө жана чек аранын жок экенин көрсөтүүгө багытталган. Азырынча ал аягына чыга элек. Ал күн сайын өзгөрүп, жаңы штрихтер менен толукталууда. Арт-долбоордо бир кылкалем менен тартылган 2020 адамдын белгисин батыруу көздөлүп жатат.

Даут Шайхисламов, долбоордун автору:

- Биз аны Казакстан, Жапония, Австралия, Америка мамлекеттерине алып барабыз. Бул дүйнөнүн сүрөтү, ошондуктан аны бүт дүйнө көрүшү керек. Жакында Арт Дубай аттуу көргөзмө өтөт. Биз ал жактагы коомчулукка бир ирет чыгарманы тартууламакчыбыз. Кошумчалай кетсек, биздин павильонго келген жапондор сүрөттү көпкө кылдаттык менен карап чыгышууда. Бизге алар өз өлкөсүндө көргөзмө уюштура турганын айтышкан. EXPO 2025 Осоко шаарында өтөт. алар бизге биргелешип ушундай түрдөгү кызыктуу, масштабдуу жамааттык чыгармачылык долбоорду баштоону сунушташты. Башкача айтканда, долбоор уланат, эми биз ойлорубузду топтоп, аны ишке ашырууга кам көрөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков