Сеулдан Пусанга: казакстандык велосаякатчы 800 чакырым жол жүрдү

Сеулдан Пусанга: казакстандык велосаякатчы 800 чакырым жол жүрдү

Сеулдан Пусанга чейин веложүрүш. 35 жаштагы казакстандык Дамир Кушеев өзгөчө саякат жасады. Ал 800 км жолду шайтан араба менен багындырды.

Дамир Кушеев, саякатчы:

- Эмне үчүн Корея? Себеби, 2022-жылдын үчтүн айынын 28де Казакстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду. Экинчиден, корей эли биздин улуу Абай Кунанбай уулуна эстелик тургузду. Үчүнчүдөн, Корея Пусандан Сеулга чейинки узундугу 800 чакырымды түзгөн велосипед жолу бар жалгыз өлкө.

Веложүрүш учурунда ата мекендик саякатчы түштүк кореялыктарга казакстандык шоколаддарды тартуулады. Аталган өлкөнүн аймагында көк желекти желбиретти. Белгилей кетсек, жакында Пусан шаарында Казакстандын консулдугу ачылат.

Ли Сан Хун, ишкер:

- Мен Казакстан чексиз мүмкүнчүлүктөрү жана дарамети жогору өлкө экенин билем. Кореялык ишкерлерге бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Өзүмө келсем, мен логистика менен алектенем. Казакстандын бай ресурстарын Кореянын жогорку технологиясы менен айкалыштырууга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү көрүп турам.

Дамир бул аралыкты багындыруу оңой болбогонун айтат. Жолдо жапайы жаныбарлар кездешип, азык-түлүктөр түгөнүп, суу тоңуп, ачык асман алдында түнөөгө аргасыз болгон. Бирок ири калктуу-конуштар менен шаар тургундары ага мүмкүн болушунча меймандостук көрсөткөн. Тэджондо саякатчы үчүн ардактуу караул тизилди. Бул шаарда былтыр баш оона айында сөөгүнүн күлү Кызылордадан мекенине кайтарылган корей баатыры Хом Бом Донун күмбөзүнө барып, рухуна таазим эткен.

Пак Чон Дэ, мемориалдык комплекстин кызматкери:

- Биз Хон Бом Донун сөөгүнүн күлү өлкөгө жеткенине ыраазычылык билдиребиз. Ал Кореянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн баатыр жана биздин өлкөнүн азыркыдай өсүп өнүгүүсүнө салым кошкон адам. Ошондуктан, көптөгөн жарандар аны эске алуусу үчүн бул жерге келди.

Кан Чон Ван, Тэджон шаары мэриясынын бөлүм башчысы:

- Биз Кызылорда шаардык мэриясы менен бир туугандык мамиле түзүүнү көздөп жатабыз. Казак делегациясынын сапары жалган куран айынын 1не белгиленген. Учурда кызматташуу келишимине кол коюуга даярданып жатабыз.

Велоышкыбозчу Кореядагы казак тилдүү жалгыз университет болгон Хангук ЖОЖго да токтоду. Студенттер казак мейманынын урматына улуу акын Абайдын ырын аткарышты.

Веложүрүш Сеулда Абай Кунанбай уулунун эстелигинин жанында аяктады. Бирок Дамир Кушеевдин чет элдик сапарлары муну менен эле аяктаган жок.

Мен улуу Абай Кунанбай уулунун эстеликтери бар бардык мамлекеттерди кыдырып чыгуу максатын койдум. Дүйнөдө мындай 10 мамлекет бар. Алардын экөө - Түркия жана Корея аркылуу өттүм. Эми дагы 8 өлкө калды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков